СОШ им. С. Жоошбаева Аламудун району

Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Алгачкы Баш-Карасуу башталгыч мектеби 1959- жылы ачылган, андан кийин 2001-жылы  11 жылдык мектептин жаны имараты курулуп, милициянын,улуттук коопсуздук кызматынын полковниги  Султанбек Жоошбаевтын аты берилип, Султанбек Жоошбаев атындагы  Баш-Карасуу орто мектеби болуп ишке киргизилген.2020 –жылдын 30-июнунда мектептин уставын кайра жаныртылгандыгынын негизинде, «С.Жоошбаев атындагы жалпы билим беруу орто мектеби» болуп бекитилген.Алгач мектепке 130 окуучу кабыл алынган.

2003-жылдан тартып  жалпы орто билим берүү программасы менен иштеп окуучуларга орто билим тууралуу аттестат бериле баштаган.

Орто билим тууралуу аттестат мектептин пед кеңешинин  чечиминин негизинде берилет.Токтомдун датасы жана номери сөзсүз түрдө аттестатты берүүчү  учет жүргүзүүчү китепке коюлат.Эреже боюнча орто билими тууралуу аттестат бир жуманын ичинде берилет.

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Мектептин  концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Мектептин  усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

 

Мектептин миссиясы:

-Аламүдүн районунун С.Жоошбаев атындагы Баш-Карасуу жалпы билим берүү орто мектеби үзгүлтүксүз башталгыч,жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнү камсыз кылат.

-Мектеп ата-энелер жана жергиликтүү коомчулук менен тыгыз байланышта окуучуларга берген билим алардын бүгүн жана келечекте өзүн реализациялоосун камсыз кылат.